01.10.2024
Кароолор: (56)
ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ ШААР МЭРИ КУТТУКТАДЫ

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев угуусу начар жарандар арасындагы кичи футбол боюнча мелдештен 1-орунду багындырган "Кара-Куль" командасынын оюнчуларын кабыл алып, ийгиликтери менен куттуктады.
"Кара-Куль" командасы Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан чогулган командалардын арасынан 1-орунду камсыздады. Кичи футбол мелдеши 27-28-сентябрь күндөрү, Ош шаарында болуп өттү.
Белгилеп кетсек, шаар мэри аярлуу катмардагы жарандарыбызга
ар тарапттуу колдоо көрсөтүп келет.