18.09.2024
Кароолор: (37)
Ийгилик жараткан спортчулар сыйланды.

Чечен Республикасында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирге катышып, байгелүү орундарга жетишкендиги үчүн шаардын жаш спортчулары Калыбеков Бурхан Тилековичке, Конурбаев Идирис Азаматовичке жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бирине 20миң сомдон, жаш спортчулардын машыктыруучусу Н.Д.Алымбаевге 20миң сом, жалпы 60миң сом материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, аталган спортчуларды шаардын мэри Н.О.Орозбаев куттуктап, спорт тармагынын өнүгүүсүнө зор салым кошуп, жакшы жетишкендиктерге жетүү үчүн талыкпай эмгектенип машыгуу керектигин белгиледи. Ошондой эле, өз каражатынан жаш спортчуларга, машыктыруучуларга, ата-энелерине материалдык колдоо көрсөтүп, баалуу белектерин тапшырды.