Көрүүсү начарлар үчүн версия

07.03.2026

Кароолор: (2)

ИЧКИ ЖОЛДОРГО ШАГЫЛ ТӨШӨЛҮП, ТЕГИЗДЕЛҮҮДӨ

Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаевдин шаар тургундары менен өткөргөн жолугушууларында ички жолдордун абалы боюнча бир катар көйгөйлөр көтөрүлгөн.

Айрыкча жамгыр жааган учурда айрым көчөлөрдө көлчүк пайда болуп, жөө жүргүнчүлөргө, жаш балдарга ыңгайсыздык жаратып жатканы белгиленген.

Көтөрүлгөн маселелердин негизинде шаар мэри Муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү тапшырмаларды берип,

көлчүк топтолгон тегиз эмес көчөлөрдүн бөлүгүнө шагыл төгүү жана аларды тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.