Көрүүсү начарлар үчүн версия

27.02.2024

Кароолор: (44)

Ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын фундаментине капсула салынды

Кара-Көл шаарынын мэри Т.Т.Конкобаев 2024-жылдын 27-февралында   Кара-Көл шаардык Ички иштер бөлүмүнүн курулушу башталган жаңы имаратынын фундаментине капсула салуу аземине катышты. Иш-чарага Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Ч.А.Кимсанов, мэриянын тийиштүү кызматкерлери, ШИИБнин  башчысы Э.Ы.Молдокеев жана ШИИБнин өздүк курамы катышышты. 

Капсула салуу аземинде шаардын мэри Т.Т.Конкобаев ШИИБнин өздүк курамына жакшы каалоо тилектерин айтып куттуктады.