25.02.2026
Кароолор: (6)
ЭТТИН БААСЫНА КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
25- февралда Кара-Көл шаар аймагында эт сатуу менен алектенген ишкерлер менен шаар мэринин орун басары Манас Абдыкалыков, Жалал-Абад облусунун антимонополия бөлүмүнүн өкүлү Канжарбек Эрмеков жолугуп, жыйын өткөрдү.
Алар эт сатуу менен алектенген ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 13-февралындагы №7 буйругунун негизинде тиешелүү маалыматтарды айтып берди.
Аталган буйрукка ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан 2026-жылдын 13-февралында кабыл алынган №5 буйрук менен Жалал-Абад облусунун аймагында мал этинин чекене баасынын максималдуу деңгээли белгиленип, мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 30 календардык күнгө узартылганы боюнча тааныштырды.
Бул чечимдин негизинде шаар аймагындагы эткана иштетүүчүлөргө уй эти 680 сомдон, кой эти 690 сомдон ашырылбай сатылуусу талапка ылайыктыгын эскертишти.
Жүргүзүлгөн иштер социалдык маанилүү товарлардын баасын туруктуу кармоого жана калкты негизги азык-түлүк менен жеткиликтүү камсыздоого багытталды.




