14.09.2026
Кароолор: (38)
ЭСКЕРТҮҮ: МЕКТЕПТЕРДЕ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ!
Урматтуу ата-энелер жана ата-энелер комитетинин мүчөлөрү!
Мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден акча каражатын мыйзамсыз чогултууга тыюу салынат.
Имаратты оңдоо, көрктөндүрүү, эмерек жана башка зарыл чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.
Ошондуктан ата-энелерден акча чогултууну талап кылууга, анын ичинде ата-энелер комитети аркылуу милдеттүү түрдө каражат чогултууга жол берилбейт.
Эгер ата-эне мектепке өз ыктыяры менен жардам берүүнү кааласа, бул башка ата-энелерге милдет катары коюлбашы жана WhatsApp топторунда акча чогултуу катары жарыяланбашы керек.
Мыйзамсыз акча чогултуу фактыларына туш болсоңуздар, тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуусуздар.
Урматтуу ата-энелер!
Балдарыбыздын билим алуусу мажбурлап акча чогултуусуз, мыйзамдуу жана ачык шартта камсыздалууга тийиш.