23.12.2024
Кароолор: (29)
ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА ЧЕМПИОНАТ БОЛУП ӨТТҮ

ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА ЧЕМПИОНАТ БОЛУП ӨТТҮ
Кара-Көл шаарындагы
Абдылас Назарбеков атындагы эркин күрөш залында
өспүрүмдөр арасында спорттун эркин күрөш боюнча шаардык чемпионат уюштурулду. Ага 23кг 38кг салмактагы спортчулар күч сынашты.
Ага, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, шаардык кеңешинин депутаттары, шаар тургундары жана спорт күйөрмандары катышты.
Белгилей кетсек, ийиликке жетишкен спортчулар Кара-Көл шаарынын эркин күрөш боюнча курама командасын мүчө болуп киришет.
Ал эми Кара-Көл шаарынын чемпионаты жыл сайын уюштурулуп турмакчы.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө
дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан акча каражаты бөлүнүп, сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.