Көрүүсү начарлар үчүн версия

22.12.2023

Кароолор: (255)

Энергетиктердин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын биринчи бөлүгү мэриянын кичи жыйындар залында өттү. Салтанаттуу азем маданият бөлүмүнүн ырчыларынын чакан концерти менен башталып, энергетиктерди мэрдин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаев, шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов, Токтогул ГЭСтер Каскадынын төрагасы А.О.Тайчабаров жана аксакалдар кеңешинин төрагасы К.Көлбаев куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.

Мэрдин демилгеси менен азыркы учурда ардактуу эс алууда жүргөн энергетика тармагынын 11 ардагерлери мэриянын “Кара-Көл шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени, 1 ардагер “Кара-Көл шаарына ак ниет кызматы үчүн” медалы менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чаранын экинчи бөлүгү Камбарата ГЭСинде өтүп, анда “Нарынгидроэнергокурулуш” ААКунун жана Камбарата ГЭСинин кызматкерлерин мэрдин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаев жана шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов куттуктап, энергетика тармагынын өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн гидрокуруучуларга жана энергетиктерге мэриянын жана шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырып келишти.