22.12.2023
Кароолор: (334)
Энергетиктердин күнү

«Урматтуу энергетиктер!
Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар — Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Энергетика өлкөнүн экономикасынын флагманы, жарандардын жашоо-тиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика тармагы — өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак.
Ар бир үйдү жылуулук жана жарык менен камсыз кылып, ак-мээнетиңиздер менен элибиздин батасын алып жатасыздар. Сиздердин шаарыбыздын, деги эле бүтүндөй өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн жасап жаткан иш-аракеттериңиздер, эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Урматтуу энергетика тармагынын ардагерлери!
Энергетика тармагында күчтүү, эрктүү, өз ишине чын дилинен берилген жогорку деӊгээлдеги адистер гана иштеп келген. Сиздердин талыкпаган эмгегиӊиздердин негизинде энергетика системасы түптөлгөн. Мындан ары да Сиздер өз тажрыйбаӊыздарды жана билимиӊиздерди келечектеги жаш адистерге бересиздер деп тереӊ ишенебиз.
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктоо менен бирге бардык энергетиктерге жемиштүү иш, кесиптик ийгиликтерди каалайм жана келечекте жаңы-жаңы бийиктиктерди багындырууңуздарга тилектешмин. Сиздерге жана жакындарыңыздарга бакыт жана бакубат жашоо каалайм!
Урматым менен,
Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович