Көрүүсү начарлар үчүн версия

17.05.2024

Кароолор: (399)

Энелерди куттуктоо

Урматтуу энелер,  бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм.

Эне- тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубаттуулуктун, сулуулуктун символу. Эненин касиети улук. Энелер күнүн белгилөө салтка айланып, жылдан жылга өрүш алып баарыбыз үчүн жагымдуу, жакшы майрамга айланды. Бул күнү баарыбыз асыл энелерге куттуктоо жолдоп, жакшы сезимдерибизди арнайбыз.

“Бешик терметкен кол дүйнөнү башкарат” деген улуу сөз бар. Эне — өмүрдүн башаты. Эне — ар бир үйдүн, жалпы мекенибиздин куту. Эненин жүрөгү кенен, сезимтал жана айкөл. Адам баласы энелердин астында дайыма карыздарбыз.

Урматтуу энелер!

Сиздерди “Энелер күнү” менен дагы бир жолу чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Үй-бүлөдөгү уялаган жылуулукту, байыр алган кутту, ынтымакты бекем сактаган апалар аман болуңуздар. Сиздерге чын ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Төрүбүздүн көркү болуп, урмат-сыйдын үстүндө өмүр сүрүңүздөр. Майрамыңыздар кут болсун.

Сиздерди терең урматтоо менен, Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович.