Көрүүсү начарлар үчүн версия

17.05.2024

Кароолор: (84)

Энелер күнү белгиленди

Бүгүн, “Энергетик” маданият үйүндө Энелер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Энелерди мэрдин орун басары Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич, шаардык кеңештин төрагасы Кимсанов Чынгыз Алманбетович жана аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары Маматаева Бактыгуль Калдыбаевна куттукташты.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен көп балалуу энелердин өздүк эсептерине  акчалай  сыйлык которулду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич көп балалуу энелерге ыраазычылык каттарды тапшырып, энелерге жандуу үн менен аккордеондун коштоосунда ыр ырдап берди. Ал эми, 7 баланы  татыктуу тарбиялап өстүргөн баатыр эне Ж.Ажибаевага жана Казак Республикасында өткөрүлгөн эл аралык мелдеште 1-орунду ээлеген жаш спортчу К.Ажымановдун энесине татыктуу балдарды тарбиялагандыгы үчүн аялдар кеңеши тарабынан  ардак грамота, акчалай сыйлыктар жана башка белектер тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен коштолуп, маданияттын таланттуу ырчылары энелерге өз өнөрлөрүн тартуулашты.