Көрүүсү начарлар үчүн версия

07.02.2024

Кароолор: (56)

Электр энергиясын керектөө боюнча тариф жөнүндө

Урматтуу Кара-Көл шаарынын тургундары, өзүңүздөргө белгилүү болгондой,  2024-жыл жаңы жаңырганда жакшы жетишкендиктерде жетип турабыз. 

    Кара-Көл шаарынын мэри Т.Т.Конкобаевдин демилгеси менен электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.06.1997-ж. №377-токтомуна ылайык жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө 2023-жылдан бери мэрия Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине, “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКуна бир нече  жолу кат менен жана оозеки түрдө кайрылып жатып, бүгүнкү күндө мэриянын кайрылууларынын артынан жыйынтык чыгып, жергиликтүү калк үчүн электр энергиясы үчүн төлөмдөр 2 сом 16 тыйын деген тарифтин ордуна 150 кВтка чейин 19, 2 тый, андан ашкандан кийин 1 сом төлөнө турган болду.      

      Тактап айтканда, Кара-Көл шаарынын мэриясынын “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнун башкы директору А.Д.Рысбековго, Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директору Т.Э.Орозалиевге жолдонгон 04.05.2023ж              №01-20/1937, 04.05.2023 ж. №01-20/1938, сандуу каттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” №377-токтомуна ылайык  Кара-Көл шаар аймагы Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарынын тизмесине кирерин, ошондой эле ушул күнгө чейин шаар аймагында жашаган керектөөчүлөрүнө пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдөр жогорудагы Токтом эске алынбастан туруп жүргүзүлүп келгендиги белгиленген.

         Ушул иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине  шаардык финансы башкармалыгынан №43-4/И-3329, 02.11.2023-ж. сандуу кат жолдонгон, ал катка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин №08-1/14894,28.11.2023ж.катында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 Токтомунун негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын калкына электр энергиясын колдонгондугу үчүн 2024-жылдын 1-январынан тартып компенсация төлөп берүү мүмкүнчүлүгү карала тургандыгын билдирген.

        Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директору Т.Э.Орозалиевдин 2023-жылдын 29-декабрындагы  №237-сандуу буйругуна ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын жана Кара-Көл шаар аймагындагы Жазы-Кечүү айлынын электр энергиясын керектөөчүлөрүнө жана “Насостук станцияларга” (салыктарды эсепке албаганда) электр энергиясын керектөө боюнча төмөндөгүдөй тарифи бекитилген :

       1.1. Айына 150 кВт/саат электр энергиясын пайдаланууда  -  19,2 тыйын;

       1.2. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы  з            зоналарында жашаган калкы үчүн                                     -   1,00 сом.

Эскертме:  

        “Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагына Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, калк, насостук станциялар керектеген электр энергиясы үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген керектөө ченемдерин эске алуу менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын жана Кара-Көл шаар аймагынын Жазы-Кечүү айылынын электр энергиясын керектөөчүлөрүнө жана насостук станцияларына Токтогул ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы боюнча жүргүзүлөт.

          “Татаал, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги токтомуна ылайык, белгиленген кайталанган жеңилдиктерди, электр энергиясы үчүн төлөмгө 50% өлчөмүндөгү компенсацияларды алып салуу максатында бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактардын шарттары үчүн ушул тариф колдонулат.