Көрүүсү начарлар үчүн версия

22.08.2025

Кароолор: (12)

ЭЛ ӨКҮЛҮ ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 22- августта Кара-Көл шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек эл менен жолугушту. Жолугушууга шаар мэри Нуртилек Орозбаев , шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, мекеме ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Жолугушууда шаарда жүрүп жаткан мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу ар кандай элди кызыктырган суроолор, жылуулук, жарыктандыруу, жолдордун абалы, муздак суу, Токтогул ГЭСтер Каскадынын

коммуналдык ишканалар комбинатын шаардын балансына алуу, керектөөчүлөргө ( акылдуу эсептегич) электр энергиясына болгон лимит саатына 5 кВт мерчемделгени жетишсиз болуп жатканы,

Чоң-таш айылындагы таза суу, балдар бакча, спорткомплекстин жоктугу, Кулданбаев көчөсүндө 24 батирлүү үйдүн жашоочулары батирлерин менчиктештире албай жатканы, шаардагы эт, азык-түлүктүн кымбаттыгы

тууралуу элди кызыктырган суроолор берилип, жооптор алынып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Ошондой эле шаар тургундары жергиликтүү бийликтин ишине баа берип, шаарда алгылыктуу иштер жасалып, жакшы жагына өзгөрүүлөр болуп жатканы тууралуу да айтып өттү.

Жолугушуу мэриясынын чоң жыйынындар залында болуп болду.