Көрүүсү начарлар үчүн версия

31.08.2026

Кароолор: (10)

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 35 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИШЧАРА

Бүгүн, 31-августта, Кара-Көл шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага шаар мэри Азамат Турдубеков, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын башында шаар мэри Азамат Турдубеков жана шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов шаар тургундарын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктап, сөз сүйлөштү.

Андан соң шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн мекеме-ишканалардын активдүү кызматкерлери Кара-Көл шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө майрамдык концерт тартууланып, шаардык китепкананын жана Балдар чыгармачылык үйүнүн кол өнөрчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмөлөр уюштурулду. Ошондой эле катышуучулар үчүн оюн-зооктор уюштурулуп, спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара шаар тургундарына жагымдуу маанай тартуулап,

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын кеңири белгилөөгө өбөлгө түздү.