Көрүүсү начарлар үчүн версия

31.08.2025

Кароолор: (14)

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 34 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИШЧАРА

Кара-Көл шаарында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага шаар мэринин орун басары Манас Абдыкалыков, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, мекеме, ишканалардын жетекчилери шаар тургундары катышты. Иш чаранын алгачкы бөлүгү куттуктоолор, сыйлоо аземи менең коштолду.

Андан соң майрамдык концерт, улуттук кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана социалдык контракттын негизинде иш жүргүзгөн ишкерлердин жетишкендиктери туралуу көргөзмө уюштурулду.

Майрамдын соңку бөлүгү "Энергетик" эс алуу паркында уланып, оюн-зоок жана спорттук мелдештер менен жыйынтыкталды.