31.08.2023
Кароолор: (119)
ЭГЕМЕНДИКТИН ТУУСУН БИЙИК КАРМАЙЛЫ

“Энергетик” стадионунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, Кара-Көл шаарынын мэри Т.Т.Конкобаев Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык мааракеси менен шаар тургундарын, конокторду куттуктады.
Куттуктоо сөзү:
Урматтуу шаарыбыздын тургундары жана меймандары!
Бүгүн биздин сүйүктүү Ата Мекенибиз болгон Кыргыз Республикасынын Эгемен мамлекет статусун алгандыгынын 32 жылдык мааракеси!
Өз кучагына жүздөгөн жылдарды камтыган бул доордун тарыхында нечендеген элдер, улуттар өз ата-бабалары кастарлап сактап өз урпактарына калтырып кеткен өздөрүнө таандык мекени жок дүйнөнүн ар кандай булуң-бурчунда чачырап жүргөнүн биз дүйнөлүк тарыхый маалыматтардан билебиз.
Ал эми Манас атабыздын урпактары болгон биздин ата-бабаларыбыз нечендеген кылымдар бою өз Ата мекенин көздүн карегиндей сактап, урпактарына өткөрүп берүү үчүн дүйнөлүк Улуу Тарыхка өздөрүнүн изин калтырып күрөшүп келишкен. Бир сөз менен айтканда
“Ой, кыр барбы бабаларым баспаган,
Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган” -- дегендей учурда дүйнөлүк маалымат майданында кыргыз эли эң байыркы эл экени ачыкталып келүүдө. Дүйнө элдеринин ичинен эң алгачкы мамлекеттүүлүктү түптөгөн эл—биздин ата-бабаларыбыз болгонун дүйнөлүк окумуштуу-илимпоздор ачыктап жатышат.
Демек биз- кыргыздар акылман, баатыр, өз мекенин берилип сүйгөн бабалардын изин татыктуу улантуучулар болууга милдеттүүбүз. Мен мына ушул өңүттөн туруп, бүгүн Сиздердин баарыңыздарды Ата-бабаларыбыз байыртан көксөп келген эгемендүүлүктүн 32 жылдык мааракеси менен чын жүрөгүмдөн кызуу куттуктайм.
Урматтуу салтанаттын катышуучулары! Эгемендик жөн эле сөз эмес. Ал улутубуздун биздей жана бизден кийинки да түбөлүк урпактарына татаал да маанилүү милдетти артып турат. Анткени,
Эгемендик—бабаларыбыздын бизге берген ЫЙЫК мурасын дайыма кастарлап жана элибизди алдыга карай өнүктүрүп кыргыз улутунун даңкын дүйнөгө таанытуу биздин сыймыктуу милдетибиз болуп калууга тийиш.
Ар бирибиз өз туулуп өскөң айылыбыздан тартып бүтүндөй эли-жерибизди бекем берилип сүйүп кызмат кылганыбызда гана бабалардын үмүтүн актай алабыз.
Кичи мекенибиз болгон Кара-Көл шаарын экономикалык, маданий, архитектуралык, тазалык жактан өнүктүрүү – ар бирибиздин ички маданиятыбыздын деңгээлине жараша болоору талашсыз!
Ар бирибиз уул-кыздарыбызга бабалардын мурасын татыктуу улантуучусу кылып тарбиялоого жетишүүбүз зарыл. Биздин кандай эл, кандай улут экендигибизди, ички маданиятыбыздын кандай экенин биз жашаган үйдүн, шаардын аймагынын көрүнүшү, элибиздин жетишкен ийгиликтери далилдеп берет.
Ошондуктан баарыбыз биримдик менен ынтымакты туу тутуп, өз турагыбыздан тарта Мекенибиздин өнүгүшүнө чейин ар бирибиз татыктуу салым кошуу унутулгус парз.
Быйылкы жылда Эгемендиктин майрамы өзгөчө бир жаңы жана такталган бир багыттуу максатка айкалышкан окуянын болушу менен коштолуп жатат десем жаңылбаймын. Дегеним, баарыбызга белгилүү жакында эле өлкөбүздүн президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин “ Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” деген китеби журтчулугубуздун колуна тийди. Бул—мамлекетибиздин мындан аркы өсүп-өнүгүүчү жолун аныктаган так программа болуп калат деп ишенимдүү айта алабыз.
Бүткүл дүйнө эли чоң өзгөрүүлөрдүн босогосунда турганын айтып, мындай кырдаалда биздин мамлекетибиз да өнүгүүгө карай кандай кадамдарды жасоолору керектигине токтолгон.
Мына ушул аныкталган багыттагы идеологиянын алкагында биз да –ар бир кыргызстандык жана ар бир инсан өзүбүздүн ата-бабаларыбыздан берки өлбөй-өчпөй келе жаткан улуттук баалуулуктарыбызды, асыл нарктарыбызды, жаратмандыгыбызды учур талабына ылайык колго алып өнүктүрүү менен ар бирибиз улуттук байыркы изибизди таап улантууга салым кошушубуз керек.
Түздөн түз өлкө башчыбыздын бүгүнкү белгилеген багыттарындагы баалуулуктарды жетекчиликке алуу менен иш жүргүзүу Ата Мекенибиздин, улутубуздун келечегине күйгөн ар бир атуулдун, ар бир адамдын кечиктирилгис милдети болуп калат.
Ошондуктан, мына бүгүнкү күндөн тарта биздин шаарыбыздын жалпы тургундары, анын ичинде шаардык билим берүү бөлүмү, Маданият бөлүмү, жаш муундарга өнөр, билим-тарбия берүүгө тиешеси бар бардык мекеме-уюмдар ийгиликтерин жогорудагы багыттар боюнча ырааттуу иштеринен гана көрүүлөрү тийиш.
Бардык мекеме-ишканаларда келечектин идеологиясы дыкат колго алынып, анын ишке ашырылышына багытталган иш-программаларды аныктап түзүп чыгуулары жана анын негизинде жемиштүү иш жүргүзүүлөрү жалпыбыздын сыймыктуу да, жооптуу да милдетибиз.
Мен шаардын мэри катары бардыгыңыздарды дагы бир жолу быйылкы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктаймын жана ар бириңиздерди улуттук идеологиябыздын багыттарын чын жүрөктөн жетекчиликке алып, чыгармачылык, алга умтулуучулук, изденүүчүлүк, таасир этүүчүлүк жолдор менен иштөөгө чакырамын!
Эгемендик элибизге түбөлүккө кут болсун! Эгемендиктин туусу алдында бардыгыбыздын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, шаарыбызды жана Ата Мекенибизди өнүктүрүүгө, келечек муундарыбызды жаңы идеологиянын негизинде улуттук баалуулуктарыбызды таанып билүүгө жана анын негизинде жашоо кечирүүнү адатка айлантууга жетишүүгө чакырамын.
Бар бол, Эгемендүү Кыргызстан!
Урматтуу президентибиз С. Н. Жапаров айткандай: “Дүйнө бизсиз жашай алат, биз дүйнөдөн бөлүнүп жашообуз мүмкүн эмес. ...ааламдашуунун күчөгөн татаал мезгилинде улутубузга жана мамлекеттик иш багытыбызга туура келген өзүбүздүн жолубузду табуу жана ошону менен өсүп-өнүгүү башкы милдетибиз болууга тийиш”.