Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.09.2024

Кароолор: (28)

Дүйнөлүк World skills чемпионатына барган А.К.Абдиталипованы куттукташты

Бүгүн Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаев, шаардык кеңештен Ч.А.Кимсанов  Франциянын Лион шаарында “Ашпозчулук" категориясында күч сынашып келген Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейинин студенти Аяна Абдиталипованы жана дүйнөлүк World skills чемпионатына даярдаган мугалими Омор кызы Айзатты куттуктап,мэрия тарабынан ыраазычылык каттары тапшырылып, материалдык колдоо көрсөтүлдү. Мындан сырткары  №89 лицейинин мугалимдерин, студенттерин Мамлекеттик  тил майрамы  менен куттукташты.

Абдиталипова Аяна Кубанычевна
27-декабрь 2023-жылы Жалал-Абад шаарында облустук World skills конкурсунда 1-чи орунду алган
22-февральда Республикалык турда Гран-прини жеңип, Франциянын Лион шаарына дүйнөлүк World skills чемпионатына жолдомо алган.
Дүйнөлүк World skills чемпионатына даярдаган мугалими Омор кызы Айзат.