Көрүүсү начарлар үчүн версия

30.08.2024

Кароолор: (100)

Д.Шопоков атындагы 4-мектептин ачылышы болду

Бүгүн биздин шаарыбызда чоң майрам. Себеби Д.Шопоков атындагы √4- мектептин экинчи корпусу бүтүп, пайдаланууга берилди. 
Бул мектеп 1983-1984-жылы курулган, имараты типтүү, жылытуу системасы борборлоштурулган, сыйымдуулугу 1-2-корпус биригип 624 орунга ылайыкталган. Мектептин 1-корпусу 1985-жылы 1-сентябрда эксплуатацияга берилген. Мектептин 3 кабаттуу №2-корпусу 1985-жылда дубалы кирпич менен тургузулган, спорт залдын темир каркастары коюлган жана ашкананын дубалы кирпич менен тургузулган бойдон (469,67 м2.) бүтпөй калып калган.  
2022-жылдын август айынан баштап Президенттин Жарлыгы менен Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 135 687, 157 миң сом акча каражаты каралып, ОсОО “Компания Рамзан” тарабынан мектептин 2-корпусунун курулушу жандана баштаган. 
2024-жылдын август айына карата мектептин курулуш иштеринин абалына кайрылсак, учурда мектептин №2 окуу корпусу бүтүрүлгөн, кабинеттер окуу эмеректери менен жабдылган, ошону менен бирге ашкана, актовый зал, спорт залдын   курулуш иштери толугу менен аяктап, керектүү эмеректер менен камсыз болду.  

Мына бүгүн биздин мугалимдерибиз, окуучуларыбыз абдан кубануу менен жаны окуу жылын баштаганы турат. Мектептин салтанаттуу ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда онлайн форматында өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарада мугалимдерди жана окуучуларды шаардын мэри Н.О.Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин өкүлү А.Б.Мырзалиева куттукташып, марафонго өз салымдарын кошушту. Салтанаттуу иш-чара мектептин таланттуу өнөрпоз окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду.