06.12.2023
Кароолор: (77)
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер арасында спартакиада өттү

Бириккен Улуттар Уюму 1992-жылы 3-декабрь “Эл аралык майыптар күнү” деп жарыялаган.
“Биз биргебиз” аттуу 15-ноябрдан 15-декабрга чейин бир айлык акциянын алкагында 2023-жылдын 6-декабрында Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинде ДМЧАларды арасында аялдар жана эркектер арасында кол күрөш, гира көтөрүү, шашки оюндары боюнча спартакиада өткөрүлдү. Спорттук мелдешке 50 адам катышты.
Катышуучуларга мэрдин орун басары Г.О.Сатарова, шаардагы мекеме жетекчилери калоо-тилектерин айтышты. Шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана спартакиада катышуучулары концерттик программа тартуулашып, демөөрчүлөрдүн колдоосуу менен сый тамак уюштурулуп берилди. Спартакиадага катышкан ДМЧАларга акчалай сыйлыктар шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан берилди.