07.10.2025
Кароолор: (16)
ДАРС АТУУ, КУРАЛ ЧОГУЛТУУ, ПРОТИВОГАЗ КИЙҮҮ

Бүгүн, 7- октябрь Кара-Көл шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында 3- күндүк иш-чара башталды.
Аталган иш-чарага шаардагы беш мектептин чоң класстарынан 100 окуучу катышты. Алар алгач шаардык ички иштер бөлүмүнө барып иш бөлмөлөрү, убактылуу кармоочу жайды көрүп чыгышты.
Андан соң 7706 аскер бөлүгүндө болушуп, курал-жарактар, кийим-кече түрлөрү, азык- түлүк ченемдери менен таанышып, аскер бөлүк тарабынан уюштурулган дарс атуу, курал чачуу, противогаз кийүү боюнча жарышып, аскердик эстафеталарга катышты.