26.04.2024
Кароолор: (65)
Чернобыль апаатынын 38 жылдыгы белгиленди

2024-жылдын 26-апрелинде саат 10:00до Жеңиш аллеясында Чернобыль апаатынын 38 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага шаардын мэринин орун басары Э.С.Тажимырзаев, шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов, Чернобыль апаатынын катышуучулары, катышуучулардын жесирлери жана шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, Чернобыль кесепетинин эстелигине гүлчамбар коюлуп, каза болгон баатырларга куран окутулду.
Быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттен ЧАЭСтин 22 катышуучусуна жана алардын 9 жесирине 5000 сомдон 155000 (жүз элүү беш миң) сом, ал эми сый тамагына 16000 (он алты миң) сом, жалпы: 171000 (жүз жетимиш бир миң) сом материалдык жардам көрсөтүлдү.