12.12.2023
Кароолор: (39)
Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата
Кара-Көл шаарында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата шаардык “Энергетик” маданият үйүндө мектептер аралык кароо сынак өткөрүлдү. Кароо сынакка катышкан 4 команда залкар жазуучуну даңазалаган акындардын ыр саптарын көркөм окуп, чыгармаларынан үзүндүлөрдү жана обондуу ырларды ийине келтире аткарып, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулашты.
Ал эми борбордук китепканада окурмандарга Ч.Айтматовдун чыгармаларынан монолог айтуу жана көркөм окуу, суроо викторина ларды камтыган иш чара өткөрүлдү.