23.12.2024
Кароолор: (13)
Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүнө карата жөө жүрүш жасады

Бүгүн, 2-декабрь, Кара-Көл шаардык мэриясы жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары менен бирге "Биз СПИД илдетине каршыбыз” деген ураанда жөө жүрүш жасады. Иш чарага шаар мэри Нуртилек Орозбаев катышты. Адистер тарабынан СПИД илдетине каршы күрөшүү боюнча шаар калкына жана жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жөө жүрүштүн соңунда чогулган жаштарга концерттик программа коюлду. Боронбай Рысбеков атындагы ЖДПБдин ден соолукту чыңдоо борборунун адиситтери тарабынан бул оору тууралуу кеңири маалымат берилди. Иш чара Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүнө карата өткөрүлдү.