Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.12.2024

Кароолор: (12)

Бүгүн, 28-ноябрь, Кара-Көл шаардык Кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, кызматка расмий түрдө киришти

Бүгүн, 28-ноябрь, Кара-Көл шаардык Кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, кызматка расмий түрдө киришти.

Депутаттык күбөлүктү Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Союзбек Чымынтаев тапшырды.

Кара-Көл шаардык кеңешине 31 мандат каралган, ал орундук үчүн 17-ноябрда

6 партия шайлоодо 5% босогодон өтүп келген.

“ Эмгек” партиясынан 10 мандат,

“ Жаңы Кыргызстанга” партиясынан 8 мандат,

“ Ынтымак ” партиясынан 4 мандат,

“ Таза-Булак” партиясынан 3 мандат,

“ Энергетик” партиясынан 3 мандат,

“ Мекендеш” партиясынан 3 мандат,

Мандат тапшыруу аземинен кийин кеңештин 9-чакырылыштагы депутаттары кезексиз I сессиясы болуп, күн тартибинде төрт маселе каралды.

1. Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө;

2. Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө;

3. Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларын шайлоо;

4. ||| Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө;

Депутаттар шаардык кеңешинин төрагалык кызматына “Эмгек” партиясынан жалгыз талапкер Чынгыз Кимсанов көрсөтүлүп, 16 добуш макул, 15 добуш каршы менен төрага болуп шайланды.

Төраганын орун басарлыгына “Эмгек” партиясынан Бакай Токтобаев, “Таза-Булак” партиясынан Назира Уметова

төраганын орун басарлыгына шайланышты.