Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.11.2024

Кароолор: (15)

Бүгүн, 11-октябрь, Кара-Көл шаарында "Ыр-кесе 2024" ыр майрамы уюштурулду

Иш чарага шаар мэри Нуртилек Орозбаев жана жетекчилер катышты. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана белгилүү төкмө акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган "Ыр-кесе 2024" ыр майрамында эки команда ат салышты. "Эл ичи-өнөр кенчи" демекчи, элибизде таланттуу уул-кыздар арбын. Өз өнөрлөрүн тартуулашып, байгелүү орундарды багындырышты. Командалар билим берүү жана медицина тармагынан чыккандар.

Жыйынтыгында эки командага тең грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.