Көрүүсү начарлар үчүн версия

26.04.2024

Кароолор: (424)

Биринчи орун биздики

2024-жылдын 26-апрелинде Жалал-Абад шаарында жаштарды патироттуулукка, мекенди сүйүүгө тарбиялоо жана алардын аскерге чейинки даярдыгын бекемдөө максатында, мектеп окуучулары арасында спорттун аскердик колдонмо түрү боюнча Республикалык спартакиаданын Жалал-Абад областтык туру өткөрүлүп, Кара-Көл шаарынан барган Ч.Түлөбердиев атындагы №2-инновациялык мектебинин командасы 1-орунга ээ болуп, Диплом менен сыйланышып, спартакиаданын кийинки республикалык туруна жолдомо алышты.

Аталган спартакиадага мектеп окуучуларын шаарыбыздын атынан катышып келүү үчүн мэрия жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп, материалдык жактан колдоо көрсөттү.