17.07.2026
Кароолор: (98)
БИР МҮНӨТ УБАКТЫҢЫЗДЫ БӨЛҮҢҮЗ, БУЛ КАЙРЫЛУУ АР БИР КАРА-КӨЛ ТУРГУНУНА ТИЕШЕЛҮҮ
Тазалык – шаарды сүйүүнүн эң жөнөкөй жолу
Ар бирибиз таза, көрктүү жана жашоого ыңгайлуу шаарда жашагыбыз келет. Көчөлөрдүн таза, сейил бактардын көрктүү, коомдук жайлардын ирээттүү болушу – шаарыбыздын жүзү. Бирок мындай шаар өзүнөн өзү жаралбайт. Анын тазалыгы менен көркү ар бир жарандын күнүмдүк мамилесинен башталат.
Көп учурда: «Мэрия эмне кылып жатат? Шаар эмне үчүн таза эмес?» деген суроолор айтылат. Албетте, тиешелүү кызматтар күн сайын көчөлөрдү тазалап, таштандыларды чыгарып, шаарды көрктөндүрүү боюнча иш алып барышат. Бирок шаарды таза кармоо бир гана алардын күчү менен мүмкүн эмес.
Тазалык – бул аң-сезимдин жана маданияттын көрсөткүчү. Коомдук жайларга таштанды таштабоо, отургучтарды, балдар аянтчаларын жана башка коомдук мүлктү аяр пайдалануу – бул өзүбүзгө болгон урмат.
Эң башкысы, балдарыбызды кичинекейинен тазалыкка тарбиялайлы. Таштандыны урнага таштоону, көчөгө таштанды ыргытпоону, коомдук жайларды таза кармоону үйдөн баштап үйрөтөлү. Анткени бала эң биринчи тарбияны үй-бүлөдөн алат.
Эгер кимдир бирөө коомдук мүлктү бүлдүрүп же айлана-чөйрөнү булгап жатса, кайдыгер карабай, сылык түрдө эскертүү берүү да жарандык жоопкерчилик. Коомду мыйзам гана эмес, бири-бирине болгон сый-урмат жана жоопкерчилик да өзгөртөт.
Ар бир үйдүн короосу таза болсо, ар бир көчө ирээттүү болсо, бүтүндөй Кара-Көлүбүз көрктөнөт. Ошондуктан ар бирибиз жашаган жерибиздин айланасын таза кармап, мүмкүнчүлүккө жараша ишембиликтерге катышып туралы.
Таза шаар – бул мэриянын гана эмес, ар бир жарандын эмгеги. Келгиле, өзгөрүүнү өзүбүздөн баштап, Кара-Көлүбүздү бирге таза, кооз жана жашоого жагымдуу шаарга айланталы!