14.05.2026
Кароолор: (10)
БИР КҮНДҮК ЭМГЕК — ТАЗА ШААРГА
Бүгүн, 16-майда Кара-Көл шаарында мэр Эдилбек Тажимырзаевдин буйругуна ылайык кезектеги ишембилик уюшкандык менен өткөрүлдү.
Шаардагы мекеме-ишканалардын жамааттары «Энергетик» эс алуу багында тазалык иштерин жүргүзүп, бөлүнгөн аймактарды иретке келтиришти. Ошондой эле тазалоо жана сырдоо иштери активдүү жүргүзүлдү.
Ишембиликте 2,57 гектар жер тазаланды. Жалпы 875 кызматкер катышып, 13 тонна 67 кг таштанды топтолуп, чыгарылды.
ТАЗА ШААР – АР БИРИБИЗДИН ЖООПКЕРЧИЛИГИБИЗ!













