29.08.2026
Кароолор: (7)
БИР КҮНДҮК ЭМГЕК — ТАЗА ШААР ҮЧҮН
28-августта Кара-Көл шаарынын мэри Азамат Турдубековдун буйругуна ылайык кезектеги ишембилик уюшкандык менен өткөрүлдү.
Ишембиликтин алкагында шаардагы мекеме-ишканалардын жамааттары Бишкек–Ош унаа жолунун жээгинде, «Энергетик» эс алуу багында жана шаардын ички аймактарында тазалык иштерин жүргүзүштү. Бөлүнгөн аймактар тазаланып, иретке келтирилди.
Ишембиликке шаардагы 28 мекеме-ишканадан 441 кызматкер жана жумушчу катышты.
Жалпысынан 15 220 кг таштанды жыйналып, атайын техникалар менен чыгарылды.
ТАЗА ШААР — АР БИРИБИЗДИН ЖООПКЕРЧИЛИГИБИЗ!



