Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.12.2024

Кароолор: (24)

Билим берүүнүн мыктысы Тилек Орозова эжекенин поэзия кечеси өтүп

Кара-Көл шаардык борборлоштурулган китепканасында химия жана биология мугалими, Билим берүүнүн мыктысы Тилек Орозова эжекенин поэзия кечеси өтүп , анда анын "Жашоо белек" аттуу жаңы китебинин бет ачары да болду. Ал иш чарага Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чыңгыз Кимсанов, аталган китепкананын мугалимдери жана студенттер катышты.

Кечеде Орозованын калемине таандык ырлары окуучулар тарабынан окулуп, келген конокторго автордун китептери белекке берилди.

Азыркы учурда эжеке Кара-Көл Шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинетинин башчысы болуп эмгектенет.