Көрүүсү начарлар үчүн версия

09.12.2025

Кароолор: (23)

БЕЛЕК БЕРҮҮГӨ ЖАНА АЛУУГА, КЕЧЕЛЕРДИ ӨТКӨРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Бүгүн, 9-декабрда Кара-Көл шаардык мэриясынын кезектеги пландоо жыйыны болуп өттү. Жыйынга шаар мэри Нуртилек Орозбаев жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Отурумда быйылкы жаңы жыл майрамына мектеп окуучулары же ата-энелер тарабынан мугалимдерге белек берүү үчүн акча чогултууга тыюу салынат. Ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик үлүшү бар мекеме-ишканалардын кызматкерлерине жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө уруксат берилбейт.

Шаар башчысы мындай фактылар катталган учурда, жоопкерчилик тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлөрүн эскертти.