23.09.2024
Кароолор: (74)
БАРПЫ АЛЫКУЛОВДУН 140 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ

2024-жылдын 21-22-сентябрында Жалал-Абад шаарында Кыргыз элинин белгилүү төкмө акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдык салтанаттуу мааракесине карата иш-чара өткөрүлдү.
Салтанаттуу мааракеге Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаев эмгек жааматы менен активдүү катышты.
Аталган иш-чарага мэрия тарабынан боз үй толук жасалгасы менен тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду, ошондой эле шаар аймагында өндүрүлгөн бал, балык жана башка товарлар жарманкеге чыгарып сатылды.