Көрүүсү начарлар үчүн версия

09.12.2023

Кароолор: (184)

Балдар искусство мектеби 60 жашта

Бүгүн, 2023-жылдын 9-декабрында Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнө караштуу балдар искусство мектебинин 60 жылдык мааракеси “Энергетик” маданият үйүндө жогорку деңгээлде белгиленди. Балдар искусство мектебинин жамааты 60 жыл аралыгында кандай жетишкендиктерге жеткендиги тууралуу отчет беришип, ал эми окуучулары концерт тартуулашты.