01.06.2024
Кароолор: (70)
БАЛА ЖЫЛМАЙСА, ААЛАМ КОШО ЖЫЛМАЯТ

Балдар - жердин жандуу гүлдөрү, үй-бүлөнүн жарык нуру, жашообуздун маңызы, келечек ээлери. Ар бир бала ата-эненин мээримине, сүйүүсүнө бөлөнүп, балалыктын бактылуу доорун сүрүп, татыктуу жашоодо чоңойууга укуктуу.
1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш-чара шаарыбыздын “Энергетик” паркында уюштурулуп балдарга бал муздак таратылды. Майрамдык иш-чарага шаар мэри Т. Конкобаев, шаардык кеңештин төрагасы Ч.Кимсанов жана жогорку кеңештин депутаты К.Сулайманов катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.