Көрүүсү начарлар үчүн версия

12.12.2023

Кароолор: (176)

«Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» сынагы.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата коррупцияга каршы агартуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» коррупцияга каршы жарнамалык жарнак сынагы өткөрүлдү. 
Сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары катышкан (жеке жактар же чыгармачыл топтор).
Сынактын номинациялары: “Мыкты плакат” жана “Мыкты видеоролик”.
Кыргыз Республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгында 2 251 иш келип түшкөн, анын ичинен 1 649 плакаттар жана 602 видеороликтер.
Жогоруда аталган сынакка Кара-Көл шаарынын жалпы орто билим берүү мектептеринин окуучулары да катышып, жыйынтыгы менен Кара-Көл шаарынын Т.Сатылганов атындагы №1 мектеп гимназиясынын 9-А классынын окуучусу Мадемирова Айзирек Таалайбековна жана Д.Шопоков атындагы №4 жалпы орто билим берүү мектебинин 10-А классынын окуучусу Төрөбаев Ислам Чынарбаевичтерге “Баарыбыз коррупцияга каршыбыз” аттуу эл аралык сынагына активдүү катышкандыгы үчүн Кара-Көл шаарынын прокурору Т.Н.Сегизбаевдин ыраазычылык каттары менен кызыктыруучу белектери тапшырылган.
 

Кар-Көл шаарынын прокуратурасы