12.12.2023
Кароолор: (221)
Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 4-декабрынан 12-декабрына чейинки аралыкта, коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз!» ураанында Кара-Көл шаарынын прокуратурасы тарабынан шаардын аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, контролдоочу жана укук коргоо органдары менен биргеликте коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда коррупцияга каршы аракеттенүү, жер мыйзамдарынын жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жолугушуунун жүрүшүндө жогоруда аталган органдардын кызматкерлери көрсөтүлгөн мыйзамдардын аткарылышы боюнча тийиштүү суроолоруна жооп алышты.
Кара-Көл шаарынын прокурору Т.Н.Сегизбаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, контролдоочу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өз ишмердүүлүгүндө аталган мыйзамдарды так, кынтыксыз аткарууну жана сактоону, кызматкерлердин арасында коррупциягендик факторлордун орун алышына жол бербөө, алдын алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү талабы коюлду.
Кара-Көл шаарынын прокуратурасы