06.12.2025
Кароолор: (9)
АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ
Бүгүн, 6- декабрь күнү Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаевдин тапшырмасы менен азык-түлүк коопсуздугун жөнгө салуу боюнча ишемби күнү өтүүчү чоң базарга, элди арзан азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында жарманке уюштурулду.
Аталган жарманкеге мэрдин орун басары Манас Абдыкалыков,Мамлекеттик антимонополия кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнөн Эрмеков Канжар, ички иштер бөлүмүнөн, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан, шаардык санитардык-эпидемиологиялык, шаардык ветеринардык кызмат бөлүмдөрүнөн өкүлдөр катышты.
Ошондой эле алар чоң базардагы соодагерлер менен баарлашып, азык-түлүктүн бааларын көрүп, күнүмдүк тиричилике эң керектүү азык-түлүктүн бааларын негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мэрдин орун басары муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерине азык-түлүктү арзан саткан соодагерлерди базардан эл көп өтүүчү жерлерге жылдыруу тапшырмасын берди.











