27.12.2025
Кароолор: (1)
АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ
Бүгүн, 27-декабрь күнү Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаевдин тапшырмасынын негизинде ишемби күндөрү өтүүчү чоң базарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эт менен көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүү максатында рейд уюштурулду.
Аталган иш-чарага мэрдин орун басары Манас Абдыкалыков, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын шаардык бөлүмүнүн, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык салык кызматынан, санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнөн жана ветеринардык кызматтын өкүлдөрү катышты.
Рейддин жүрүшүндө күнүмдүк турмушта биринчи кезекте керектелүүчү эт жана көмүр продукцияларына өзгөчө көңүл бурулду. Соодагерлер менен баарлашуу жүргүзүлүп, сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн:
санитардык абалы,
сактоо шарттары,
жарактуулук мөөнөтү,
тиешелүү уруксат документтеринин болушу,
соода эрежелеринин сакталышы
текшерилди.
Аныкталган кемчиликтер боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди. Ошондой эле азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.
Шаар аймагында бул багыттагы текшерүүлөр мындан ары да улантылат.
Мындан тышкары, мэрдин орун басары муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерине:
азык-түлүктү арзан саткан соодагерлерди эл көп өтүүчү жерлерге жайгаштыруу,
базардын сыртында соода кылып жаткан айрым соодагерлерди базардын ичине жылдыруу тапшырмасын берди.
Бул иш-чара калкты арзан жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле бааларды негизсиз көтөрүүнү алдын алуу максатында өткөрүлдү.






