Көрүүсү начарлар үчүн версия

21.02.2026

Кароолор: (5)

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ

Бүгүн, 21-февраль күнү Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаевдин тапшырмасынын негизинде ишемби күндөрү өтүүчү чоң базарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана баа саясатын көзөмөлдөө боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага азык-түлүк коопсуздугу боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү катышып, антимонополия органы тарабынан бекитилген баалардын сакталышын көзөмөлдөштү. Атап айтканда, шаар аймагында эт сатуу менен алектенген соода субъектилеринин жана көмүр сатуучуларынын ишмердүүлүгү текшерилди.

Мындан тышкары, комиссия өкүлдөрү чоң базардагы соодагерлер менен жеринде баарлашып, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн бааларын негизсиз жогорулатпоонун маанисин түшүндүрүштү.

Бааларды туруктуу кармоо калктын социалдык абалына түздөн-түз таасир этери белгиленди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы тиешелүү тартипте каралып, баа саясатын жөнгө салуу багытындагы иштер улантылары маалымдалды.