Көрүүсү начарлар үчүн версия

26.08.2025

Кароолор: (17)

АСКЕР БӨЛҮКТҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн Кара-Көл шаарында 7706 аскер бөлүгүндө 24-август Ички аскерлердин түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага шаардын мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов жана башка коноктор катышты. Шаардын мэри өздүк курамды куттуктап, кызматтагы ийгиликтерди каалап өттү.

Ошондой эле мэриянын, шаардык кеңештин, ИИМдин, Ички аскерлеринин кол башчысынын буйруктарынын негизинде үлгүлүү аскердик кызматы үчүн өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына медал, төш белги жана грамоталар тапшырылды.

Иш чаранын алкагында келген коноктор аскер бөлүктүн күнүмдүк курал жарагы, кийим жана азык-түлүк кампалары, жоокерлердин жатаканасы жана ашканасы менен таанышып чыкты.

Иш-чаранын соңунда Кара-Көл шаарынын маданият үйүнүн кызматкерлери өздүк курамга концерттик программа тартуулады.