Көрүүсү начарлар үчүн версия

04.08.2025

Кароолор: (19)

АЛТЫ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

4-августта Кара-Көл шаардык мэриясында коллегия болуп өттү. Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, шаар мэри Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегияда 2025-жылдын 6 айында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 6 ай ичинде аткарылышы жөнүндө маалымат берилип, жетишкендиктер менен кемчиликтерге токтолушту. Жогоруда белгиленген кемчиликтерди жоюу тиешелүү кызматтарга тапшырылып, сунуштар менен айрым жетекчилерге эскертүүлөр берилди.