Көрүүсү начарлар үчүн версия

25.05.2024

Кароолор: (49)

Акыркы коңгуроо кагылды

Кара- Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептеринде 25-май "Акыркы коңгуроо" аземи белгиленди. 
    Жүздөрүнөн нур чачыраган мектеп окуучулары таң заарынан майрамдык маанай менен гүл көтөрүп мектепти жана мугалимдерди шаңга бөлөштү. Салтка айланган бул майрамды Кара-Көл шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин өкүлдөрү менен бардык мектептерди кыдырып, бүтүрүүчүлөргө  жана мугалимдерге жакшы жетишкендиктери үчүн сыйлыктар тапшырылып, куттуктоо сөздөр айтылып ак жол каалашты.
     Турмуш жолуна таштаган алгачкы кадамыңар байсалдуу болсун, ак жол силерге биздин бүтүрүүчүлөр!