Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.05.2026

Кароолор: (8)

АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Бүгүн, 15-майда Кара-Көл шаарында шаардык мэрия жана шаардык прокуратуранын демилгеси менен бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу максатында жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Каныбек Туркбаев, шаардык кеңештин төрагасы Чынгыз Кимсанов, шаардын прокурору Ильичбек Исамамбетов, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Төлөнов, шаардык соттон, салык кызматынан, жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн өкүлдөр, мекеме-ишканалардын жетекчилери, эмгек жамааттары жана шаар тургундары катышты.

Жолугушууда ишкерлердин укуктарын коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, балдардын коопсуздугу, алдамчылык жана киберкылмыштарга каршы күрөшүү, алименттик милдеттенмелер, жол коопсуздугу, коррупциянын алдын алуу жана жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу фактылары, жол транспорт кырсыктарын алдын алуу, жол эрежелери сыяктуу коом үчүн маанилүү болгон маселелер көтөрүлдү.

Тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү баяндама жасап, шаар аймагында кездешкен фактыларды мисал катары келтирүү менен түшүндүрмө берип, жарандарды мыйзамдарды сактоого жана укуктук жоопкерчиликке олуттуу мамиле кылууга чакырышты.

Мындай жолугушуулар калктын маалымдуулугун жогорулатып, коомдук коопсуздукту камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.