03.03.2026
Кароолор: (3)
АК КАЛПАК ЖАНА ТУУ КҮНҮ
Бүгүн, 3-мартта шаардык мэриянын алдындагы аянтта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына жана 5-март — Ак калпак күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бул майрамдык иш-чарага шаар мэринин орун басары Манас Абдыкалыков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана эмгек жамааттары, шаардагы 7706 аскер бөлүгүнүн командири баш болгон кызматкерлери жана жоокерлер, №89 лицейдин окуучулары, ошондой эле И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кара-Көл филиалынын студенттери катышты.
Салтанатты ачкан шаар мэринин орун басары жарандарды Мамлекеттик Туунун кабыл алынган күнү жана Ак калпак күнү менен куттуктап, Туу — эгемендүүлүктүн, биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси экенин белгиледи. Ошондой эле ак калпак кыргыз элинин тарыхын, нарк-насилин жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган ыйык символ экенине токтолду.
Иш-чаранын соңунда маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Кыргыз элине таанымал обончу, аткаруучу Жанышбек Кочкоров ыр ырдап, “Жаш кыял” бий ансамблинин бийчилери улуттук бийлерди аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.
Салтанат шаар тургундарын патриоттук духта бириктирип, мамлекеттик символдорго болгон урмат-сыйды дагы бир ирет бекемдеди.
Иш-чара мамлекеттик символдорду даңазалоо жана улуттук баалуулуктарды урматтоо максатын өткөрүлдү.













