Көрүүсү начарлар үчүн версия

08.08.2025

Кароолор: (17)

АДАМ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ

Бүгүн, 8- августта Кара-Көл шаарында адам сатууга каршы күрөшүү жыйыны болуп өттү. Иш-чара Кара-Көл ШИИБи тарабынан демилгеленип, ага Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы, мэриянын өкүлдөрү, шаардык билим берүү бөлүмүнөн адистер катышты.

Иш-чаранын максаты — адам сатуу (траффикинг) фактыларынын алдын алуу, коомчулукта маалымдуулукту жогорулатуу, ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө жана коопсуздукту камсыздоодо биргелешкен аракеттерди талкуулоо болуп саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө:

•⁠ ⁠Адам сатууга каршы күрөшүүнүн укуктук базасы жана статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу;

•⁠ ⁠Балдарды жана аялдарды адам сатуудан коргоо боюнча чаралар;

•⁠ ⁠Кооптуу жагдайларда жарандарды коргоо механизмдери;

•⁠ ⁠Жаш өспүрүмдөр жана социалдык жактан аярлуу катмарлар менен иш алып баруудагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору боюнча пикир алмашуулар жүрдү.

Ошондой эле, жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мекемелер ортосунда маалымат алмашуу, эрте аныктоо жана ыкчам чара көрүү боюнча өз ара аракеттенүү алгоритмдерин күчөтүү сунуштары айтылып, профилактикалык иштерди кеңири жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Кара-Көл ШИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмү мындан ары да тийиштүү мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен тыгыз кызматташууда иш алып барарын билдирди.

Иш чара ШИИБнүн жыйындар залында өткөрүлдү.