Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.11.2024

Кароолор: (16)

"УЛУТТУК НАРК - УРПАКТАРДЫН КАНАТЫ"

Дал ушундай аталышта облустук семинар уюштурулуп, Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары Эдилбек Тажимырзаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана башка облустун район, шаарларынан келген мугалимдер катышты. Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк” жөнүндөгү №157 Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, семинардын максаты улуттук баалуулуктарды жайылтуу, унутулуп бараткан каада-салттарды жаштарга таанытуу, келечек муунду эмгекке тарбиялоого багытталат.

Семинарда каада-салттардын көргөзмөсү, ачык сабактар жана концерттик программа уюштурулду. Катышуучулар улуттук тамак-аштын түрүнө күбө болуп, улуттук кийим жана кол өнөрчүлүктөр менен таанышып, терең маалымат алышты.

Иш чарада мыктылыгын көрсөткөн

мугалимдерге ыраазычылык баракча жана грамоталар тапшырылды.