21.09.2024
Кароолор: (30)
"Таза шаар" аттуу экологиялык акция

2024-жылдын 21-сентябрында Г.Бердимуратова жетектеген № 89 кесиптик лицейинин студенттери жана жалпы жамааты "Таза шаар" аттуу экологиялык акцияны уюштурду. Иш-чара эртең менен саат 08:00дөн 12:00гө чейин Кара-Көл шаарындагы бир катар көчөлөрдө, анын ичинде Серый 5-25, НГЭС башкармалыгынын айланасында, Ленин көчөсүндөгү 6-8 үйлөрдүн жанында, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун аймагында жана Чаргынгов көчөлөрүндө өткөрүлдү.
Акция учурунда № 89 кесиптик лицейинин студенттери жана жамааты 350 кап таштанды терип, белгиленген аймактардын тазалыгын камсыздашты. Иш-чарага жергиликтүү ГАИ кызматкерлери жана дарыгерлер да коштолуп, тазалыкты камсыздоо менен бирге, коопсуздукту көзөмөлдөштү.
Бул иш-чара экологияны коргоого жана шаардын тазалыгына өзгөчө салым кошту. "Таза шаар" акциясы жаштардын шаарга болгон жоопкерчиликтүү мамилесин жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аракеттенүүсүн көрсөттү.