Көрүүсү начарлар үчүн версия

27.01.2025

Кароолор: (40)

"Кара-Көл жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасы абоненттерге рейд уюштурду

Рейд жүрүшүндө жылуулук тутумуна мыйзамсыз туташкандар аныкталып, аларга жеринде эскертүүлөр берилип, айрымдарына протокол түзүлдү.

Белгилеп кетсек, 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы №287 токтому менен жылуулук берүүнүн тарифтери жогорулаган.

Буга байланыштуу калкка жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки турак жайлар үчүн ай сайын 1 Гкал үчүн 1560 сом төлөм киргизилген.

80 чарчы метрден ашкан турак жайлар үчүн ар бир чарчы метр үчүн орто эсеп менен 8573,90 сом/Гкал тарифинде алынат. Ай сайын эсептелген сумма абанын температурасына түздөн-түз байланыштуу болот, тактап айтканда, орточо айлык температураны Кыргыз Республикасынын гидрометеорологиялык кызматы аныктайт. Канчалык суук болсо, эсептелген сумма ошончолук жогору болот.

Калаада абоненттерге жылуулук берүү талап кылынган нормада берилип жатат. Жылуулук ишканасы жарандарды пайдаланган жылуулукка төлөмдү өз убагында төлөп турууга чакырат.

Борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу шаардагы 3708, үй коммерциялык 48, бюджеттик 20, республикалык 11 мекемелер жылуулук менен камсыздалат.