21.09.2024
Кароолор: (32)
"Эне тил - улут уюткусу" аттуу сынагы.

21-сентябрь 2024-жылы, 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Кара-Көл шаарындагы № 7706 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери арасында "Эне тил - улут уюткусу" аттуу кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул иш-чара Кара-Көл шаарынын “Энергетик” маданият үйүндө уюштурулуп, маданий маанидеги бул сынак тилди даңазалоо максатын көздөдү. Иш-чарага шаарыбыздын мэринин биринчи орун басары Э.С. Тажимырзаев катышып, ал кызмат өтөп жаткан бардык аскер кызматкерлерин Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, улуттук тилдин маанисин жана ар бир элдин тили өзүнүн улуулугун камтырын баса белгиледи. Ошондой эле, аскерлерге жеңил жана ийгиликтүү кызмат өтөөнү каалады.
Сынакта № 7706 аскер бөлүгүнүн 6-, 7-, 8-кайтаруу батальондорунун курамы 10 аскерден турган үч команда өнөрлөрүн сынашты. Аскер кызматкерлери саламдашууну чыгармачылык менен даярдап, ар бир команда өз аталышын чечмелеп, ырларды көркөм окуп, көркөм чыгармалардан үзүндүлөрдү сахналаштырышты. Мындан тышкары, патриоттук обондуу ырларды аткарышып, калыстар тобуна жана көрүүчүлөргө өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн тартуулашты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр Кара-Көл шаарынын мэриясынын атынан жана № 7706 аскер бөлүгүнүн жетекчилиги тарабынан дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Бул иш-чара аскерлердин маданий деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттик тилди урматтап-сактоого чакырууга багытталып, шаарда мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө чоң салым кошту.