28.03.2025
Кароолор: (102)
"Биз коррупцияга каршыбыз" тегерек столу өттү

2025-жылдын 28-мартында мэриянын кичи жыйындар залында мекеме-ишканалардын тиешелүү кызматкерлери, коомдук уюмдардын, анын ичинде жаштар кеңешинин активдүү катышуусу менен “Биз коррупцияга каршыбыз” аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо өлкөдө коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалануу, арылуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар туурасында маалымат берилип, аны алдын алуу, ага каршы күрөшүү жолдору боюнча баяндама окулду. Иш-чарада жаштар кеңешинин мүчөлөрүнүн “Жаштар – коррупцияга каршы!” аттуу доклады катышуучулардын көңүлүн бурду. Аталган иш-чара ” Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген чакырык менен ар бир жаранды жемкорлуктан таза, алыс болууга чакыруу менен жыйынтыкталды.